Катар Дүйнө чемпиондугунун ачылышында Эквадор жеңилиши үчүн пара берген деп айыпталууда

Футбол боюнча Катар улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунун ачылышында жеңишке жетүү үчүн эквадордук футболчуларга пара бергени айтылууда.

Улуу британиялык саясий серепчи жана журналист Амжад Таха Катар эквадордук 8 футболчуга дээрлик 7 жарым миллион доллар бергенин жазды.

"Катар алгачкы беттеште жеңишке жетүү үчүн сегиз эквадордук оюнчуга 7 миллион 400 миң доллар пара берген. Муну Катар менен Эквадордон келген беш инсайдер тастыктады. Бул калп деп үмүттөнөбүз. Дүйнө ФИФАдагы коррупцияга каршы турууга тийиш", - деп жазды ал.

Бул эки команда 20-ноябрда "Аль-Байт" стадионунда беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан