Бишкекте спорттун бир нече түрү боюнча мэрдин Кубогу үчүн мелдеш өтөт

Бишкекте спорттун бир нече түрү боюнча мэрдин Кубогу үчүн мелдеш өтөт. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлайт.

Белгилүү болгондой, мелдештер ушул жылдын 19-ноябрынан 11-декабрына чейин өтөт. Ал түзүмдүк бөлүмдөрдүн, райондук администрациялардын жана Бишкек шаардык кеңештин арасында өтөт.

Мелдеш спорттун кичи-футбол, волейбол, стол тенниси, бильярд, шахмат, дартс, аркан тартыш түрлөрү боюнча өткөрүлөт. Ага катышуу үчүн 25тен ашык команда арыз берген.

Мелдештин алдын ала графиги:

  • Кичи-футбол боюнча оюндар 19-ноябрь күнү Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын манежинде башталат;
  • Волейбол боюнча оюндар 20-декабрь күнү №62 мектеп гимназиясынын спорт залында башталат;
  • Спорттун калган түрлөрү боюнча мелдештер 3-декабрда башталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан