Эрназар Акматалиев жана бир катар балбандар Казакстандагы эл аралык мелдештен байгелүү кайтты. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.
Эркин күрөш боюнча мелдеш коомдук ишмер Динмухамед Кунаевдин элесине арналып, Тараз шаарында өттү.
Анда 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев менен 61 килограмм салмакта Тайырбек Жумашбек уулу атаандаштарынын баарын жеңип, алтын медалга татыды. Ал эми 57 килограмм салмак даражада Алмаз Сманбеков күмүш жана 65 килограмм салмакта Алибек Осмонов коло байгенин ээси болду.