Катардын падышалык үй-бүлөсү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун башталышына эки күн калганда стадиондордо сыра сатууга тыюу салууну талап кылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, тыюу салуу бүгүн жарыяланары күтүлүүдө. Бирок күйөрмандар эч кандай оюнда сыра сатып ала албай турганы белгилүү. Эгерде сыра өндүрүүчүгө өз продукциясын сатууга же оюндарда көрсөтүүгө уруксат берилбесе, анда ФИФА миллиондогон долларлык келишимди бузары белгиленген.
Белгилей кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу эртең, 20-ноябрда старт алат.