Бүгүн Катарда футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу башталат

Бүгүн, 20-ноябрда төрт жылда бир келүүчү футбол боюнча Дүйнө биринчилиги старт алат.

Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземи болсо, саат 22:00дө Катар курамасы менен Эквадор курамасы Дүйнө биринчилигин ачып беришет. Бул оюн Аль-Хаур шаарындагы 80 миң көрүүчү бата турган "Эль-Байт" стадионунда өтөт.

2022-жылкы Дүйнө чемпиондугун өткөрө турган өлкө 2010-жылдагы добуш берүү аркылуу аныкталган. Ага Австралия, Япония, Түштүк Корея, АКШ жана Катар катышкан. Акыркы төртүнчү турга АКШ менен Катардын арыздары тандалып алынган. Анын ичинен Катар 14 добуш менен (8 каршы) Дүйнө чемпиондугун өткөрүү укугуна ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан