Орусиялык футболчу Кыргызстан менен Тажикстандын футболчуларынын деңгээлин салыштырды

Москванын “Спартак” клубунун жана Орусия курама командасынын коргоочусу Даниил Хлусевич Кыргызстан менен Тажикстандын курама командаларынын оюнчуларынын деңгээли тууралуу ою менен бөлүштү.

"Негизи азыр баары футбол ойногонду үйрөнүп калышты. Ар бир адам коргонууну, чабуулду, футбол ойногонду билет, анан баары оюнчулардын сапатынан көз каранды", - деди Хлусевич Орусиянын жергиликтүү спорттук басылмасына берген маегинде.

Ошондой эле ал футбол талаасынын сапаты боюнча Бишкектеги стадион жогорку деңгээлде экендигин белгилеген.

"Кыргызстан менен болгон беттеште да, Тажикстан менен болгон беттеште да талаа биз үчүн оор болду. Бирок Кыргызстанда Тажикстандан айырмаланып газон табигый жана жумшак болгон", - деген ал.

17-ноябрда Орусия курамасы Тажикстандын курама командасы менен жолдоштук беттеш өткөргөн. Дүйшөмбү шаарында өткөн беттеш 0:0 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

24-сентябрда Орусия Кыргызстан курамасы менен дагы жолдоштук беттеш өткөргөн. Бишкекте өткөн беттеш 1:2 эсебинде Орусиянын жеңиши менен аяктаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Alixan-Nookat.2015
2022-11-20 18:30:00
Оюнчулардын эмес футбол талаасын айтыптырго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан