Криштиану Роналду инстаграмда дүйнөлүк рекордду койду

Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун инстаграм баракчасындагы катталуучуларынын саны 500 миллион кишиден ашты.

Роналду бул чекке жеткен тарыхта биринчи адам. Ошондой эле ал муну чоң айырма менен жасады. Мисалы, популярдуу Кайли Женнер 400 миллион катталуучуга ээ боло элек, азыр анын баракчасында 372 миллион катталуучусу бар. Ал эми дагы бир атактуу футболчу Лионель Мессиде 376 миллион катталуучу бар.

Буга чейин Роналду Месси менен чогуу түшкөн сүрөтүн инстаграм баракчасына жайгаштырган. Бул сүрөт 36 миллиондон ашык жакты белгисин алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан