Кечээ, 6-декабрда Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычына чүчү кулак ташталып, мелдешке жолдомо алган 32 команда чүчү кулактын негизинде 8 тайпага бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу ФИФАнын расмий сайты билдирет.
Эске салсак, Бразилиянын 12 түрдүү шаарында өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычы 2014-жылы 12-июнда башталып, 13-июлда жыйынтыкталат. Учурдагы чемпиондук наам Испания курама командасына таандык.
“А” тайпасы: Бразилия, Хорватия, Мексика, Камерун
“B” тайпасы: Испания, Голландия, Чили, Австралия
“C” тайпасы: Колумбия, Греция, Кот-Дивуар, Япония
“D” тайпасы: Уругвай, Коста-Рика, Англия, Италия
“E” тайпасы: Швейцария, Эквадор, Франция, Гондурас
“F” тайпасы: Аргентина, Босния жана Герцеговина, Иран, Нигерия
“G” тайпасы: Германия, Португалия, Гана, АКШ
“H” тайпасы: Бельгия, Алжир, Орусия, Түштүк Корея