Кыргызстандык тай боксчулар дүйнө чемпионатында 14 медаль жеңди

Кыргызстандын тай боксу боюнча курама командасы дүйнө чемпионатында жалпы 14 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдеш 15-22-ноябрь күндөрү Таиландда өттү. Анда кыргызстандык спортчулар 6 алтын, 5 күмүш, 3 коло жеңди.

Кыз-келиндер арасында 48 килограмм салмак категорияда Фарида Абдуева, 57 килограмм салмакта Виктория Меликова жана эркектер арасында 60 килограмм салмакта Никита Цой, 63,5 килограмм салмак категорияда Али-Хан Эргешов дүйнө чемпиону аталышты.

Ошондой эле 71 килограмм салмак категорияда Жаныбек Бейшебек уулу экинчи орунду ээледи.

Мындан сырткары, спорт сүйүүчүлөр арасында 63,5 килограмм салмакта Александр Кононенко, кадеттер арасында 63,5 килограмм салмакта Тимур Кутанов да дүйнө чемпиону аталышты.

Кадеттер арасында 42 килограмм салмак категориясында Айдар Каныбеков, 57 килограмм салмакта Данияр Өмүрбеков, чоңдор арасында Александр Вавилов, кыз-келиндер арасында 70 килограмм салмакта Анжелика Акылбек кызы күмүш медалдын ээлери болушту.

51 килограмм салмакта Дмитрий Макаров, 57 килограмм салмак катергориясында Альберт Бактыбеков жана 54 килограмм салмакта Ильяс Абдулин коло медаль тагынышты.

Белгилей кетсек, спортчулар башкы машыктыруучу Сыргак Айталиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан