Катарда кезектеги сенсация! Азиянын дагы бир өлкөсү фаворитти жеңип алды

Бүгүн, 23-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда дагы бир сенсация орун алды.

"Е" тайпасынын 1-турдук оюнунда Германия курама командасы менен Япония кез келип, оюн 1:2 эсебинде япониялыктардын жеңиши менен аяктады. Германия бул Дүйнө чемпиондугундагы фаворит командалардын бири.

Бул Дүйнө чемпиондугундагы экинчи сенсация. Буга чейин дагы бир фаворит Аргентина курамасы Сауд Арабия курамасына 2:1 эсебинде утулуп калган.

Муну менен Япония өзүнүн тайпасында биринчи орунга чыкты.

Германия - Япония (1:2);

Голдор: Илкай Гюндоган (33-мүнөттө), Рицу Доан (75), Такума Асано (73).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Мунарбек
2022-11-23 21:10:00
Сүйүнгөнүңдөн өтө шашылыш түрдө ката жазып алыпсың а,мейли болуп турат!
0
Мунарбек
2022-11-23 21:14:00
Азия курама командалары да башка континенттин командалары м.н тең тайлаша турган учур келди,айрыкча мусулман өлкөлөрдүн жеңишин каалайбыз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан