Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык этабынын 1-турунун алкагындагы беттеште Марокко менен Хорватиянын курама командалары тең чыгышты.
Белгилүү болгондой, Эль-Хаурда "Эл-Байт" стадионунда өткөн F тайпасынын беттеши 0:0 эсебинде аяктады.
Кийинки турда Марокко курамасы 27-ноябрда бельгиялыктар менен, ошол эле күнү Хорватия курамасы канадалыктар менен беттешет.