Испания курама командасы Катарда өтүп жаткан Дүйнө чемпиондугунда Коста-Рика курама командасын жеңип алды.
Беттеш Дохадагы "Эл-Тумама" стадионунда өтүп, 7:0 эсебинде жыйынтыкталды. Эсепти 11-мүнөттө жарым коргоочу Дани Олмо ачты.
Андан соң жарым коргоочулар Марко Асенсио, Ферран Торрес, Гави, Карлос Солер, чабуулчу Альваро Мората гол жаратты.
Буга чейин, 23-ноябрда Германия менен Япония курамасы кез келип, оюн 2:1 эсеби менен япондуктардын пайдасына аяктаган.
Дүйнө чемпиондугу 18-декабрга чейин уланат. Испания курамасы 2010-жылы Дүйнө чемпиону болгон.