Япониянын Германияны сенсациялуу утушу: Токиодогу күйөрмандардын эмоциясы (видео)

Кечээ, 23-ноябрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычындагы Германия менен Япония курама командаларынын беттеши орун алды. Жолугушуу Дохадагы "Халифа Интернейшнл" стадионунда өтүп, 2:1 эсебинде япониялыктардын жеңиши менен аяктады.

Японияда улуттук кураманын дүйнөлүк чемпионаттагы старттык оюнун массалык түрдө көрүү уюштурулду. Финалдык ышкырыктан кийин миңдеген япон күйөрмандары кубанганынан көчөлөргө чуркап чыкты. Эмоционалдуу кадрлар социалдык тармактарга тарады.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу Катарда 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өтөт. Өлкө биринчи жолу турнирди өткөрүүдө. Дүйнө чемпиондугун жылдын аягында өткөрүү чечими климаттык шарттарга байланыштуу кабыл алынган.

?showinfo=0&rel=0" frameborder="0" allowfullscreen>

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан