Камерун улуттук курама командасында ойногон орус паспорту бар футболчу Гаэль Ондуа Дүйнө чемпиондугунун алкагындагы Швейцарияга каршы оюнга Орусиянын желеги түшүрүлгөн бут кийим менен талаага чыкты.
Футболчу талаага беттештин экинчи бөлүгүндө алмашууга чыккан. Беттештен кийин футболчу өзүнүн телеграм каналына оюнга кийип чыккан бут кийиминин сүрөтүн жарыялады. Анын бут кийиминде Орусиянын жана Камерундун желеги болгон.
Оюн 1:0 эсебинде Швейцариянын жеңиши менен аяктады.