Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Португалия Гананы 3:2 эсебинде утуп алды.
Оюндун биринчи жүрүшүндө эки команда тең гол киргизе алган жок.
Ал эми оюндун экинчи бөлүгүнүн 65-мүнөтүндө Гананын дарбазасына карата 11 метрлик сокку белгиленди. Аны Португалиянын капитаны Криштиану Роналду ишке ашырып, эсепти ачты. Бирок көп өтпөй ганалык оюнчу Айю эсепти 1:1ге өзгөрттү.
Оюндун 78 жана 80-мүнөтүндө Португалиянын командасы эки гол киргизди. Эсеп 3:1. Беттештин соңку убактысында, 89-мүнөтүндө Гананын футболчусу атаандашынын дарбазасына гол киргизгенге жетишти.
Белгилей кетсек, Португалиянын кийинки атаандашы Уругвайдын курамасы болуп, беттеш 29-ноябрда Бишкек убактысы менен саат 01:00дө болот. Ал эми Гана Түштүк Корея менен 28-ноябрда саат 19:00дө оюн өткөрөт.