Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Аргентина менен Мексикадан келген күйөрмандар массалык түрдө мушташты. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, массалык мушташтын себеби аргентиналык жылдыз Лионель Мессиге каршы кемсинткен кыйкырыктар жана адепсиз ишараттар болгон. Мушташка Аргентинанын сенсациялуу түрдө утулушу дагы кошумча себеп болгон.
Массалык мушташтан бир нече адам жеңил жаракат алган.
Аргентина менен Мексика 27-ноябрда кез келет. Бул оюн эки команда үчүн өтө маанилүү. Себеби бул эки команда тең алгачкы оюнда жеңишке жеткен эмес.