Футбол боюнча Иран улуттук курама командасы Дүйнө чемпиондугунун тайпалык баскычында Уэльс курамасын 2:0 эсебинде жеңип алды.
Эки команда тең бирдей ыргакта оюн көрсөттү. Бирок Иран курама командасы дарбаза мамысына эки жолу топту багыттады. Негизги убакыт 0:0 эсебинде аяктап, калыс кошумча 9 мүнөт кошуп берди. Анда алмашууга чыккан ирандык жарым коргоочу Розебеш Чешми эсеп санын ачты. Мындан 2 мүнөт өтпөй ирандык коргоочу Рамин Резаян эсеп санын 2:0гө айлантты.
Муну менен Иран курамасы өзүнүн тайпасында алгачкы 3 упайга болду.