Футбол боюнча Марокко улуттук курамасынын дарбазачысы Ясин Буну Бельгияга каршы оюн алдында негизги курамда талаага чыгып, гимн ырдап, андан кийин көрүнбөй калды.
Анын ордуна Моханд Мохамеди Мунир Марокконун дарбазасынан орун алды. Бирок алмаштыруу расмий түрдө жарыяланган жок. Анын негизги курамда талаага чыгып, кайра көздөн кайым болушу ден соолугуна байланыштуу болушу мүмкүн.
Беттештин өзү Марокконун сенсациялуу жеңиши менен аяктады.