Франция курамасынын чабуулчусу Килиан Мбаппе командасын Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна мөөнөтүнөн мурда алып чыккан.
Тагыраагы, Дания менен болгон оюнда Мбаппе 2 гол киргизди. Муну менен Франция мөөнөтүнөн мурда плей-офф баскычына чыккан.
Андан кийин чабуулчу өзүнүн инстаграм баракчасына гол киргизгендеги сүрөтүн жарыялады. Сүрөттө көрүнгөндөй Мбаппе коңшу Өзбекстандын желеги илинип турган жерге барып голун майрамдаган. Бул сүрөт учурда Өзбекстанда кызуу талкууга алынып жатат.
Мбаппенин бул сүрөтү инстаграмда 4 миллион 130 миңден ашык "жакты" белгисин алып, сүрөткө 56 миңден ашык адам билдирүү калтырган.