Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпиондугунда алтын медаль тагынды

Филиппинде өткөн шахмат боюнча Азия чемпиондугунда Элдияр Орозбеков алтын медаль утту. Бул тууралуу спорт департаменти кабарлады.

Азия чемпиондугу 17-26-ноябрь күндөрү Филиппиндин Тагатай шаарында өткөн. Мелдешке Кыргызстандын атынан Элдияр Орозбеков катышып, 1 алтын жана 2 күмүш медаль тагынды.

"Ал 16 жашка чейинкилер арасында (U-16) шахматтын рапид түрү боюнча алтын медаль, ошондой эле 20 жашка чейинки уландар арасында күмүш медаль жана 16 жашка чейинкилер арасында классикалык түрү боюнча күмүш медалдын ээси болду", - деп жазылат билдирүүдө.

Турнирге жалпысынан 11 өлкөдөн: Кыргызстан, Иран, Индия, Индонезия, Филиппин, Малайзия, Вьетнам, Казакстан, Гуам, Монголия жана Япониядан спортчулар катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан