Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен барды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, сапардын алкагында Жапаров Борбор Азия инвестициялык форумунун ишине катышат. Ошондой эле бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.