Биз социалдык тармакта

Манас күнүнө карата бир катар иш-чаралар өтөт (тизме)

4-декабрда “Манас күнүнө” карата Бишкекте бир катар иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Бул жылы өтө турган иш-чаралар манасчы Токтогул Калманбет уулу 170, семетейчи Жаңыбай Кожек уулунун 150, манасчы Көкчеке-Мамбетаалы Ашымбай уулунун 125, манасчы Турдумамбет Акматалиевдин 100, семетейчи Сейдене Молдокееванын 100, манасчы Шаабай Азизовдун 95 жылдыгына карата арналат.
- 2-декабрда саат 14:00 дө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбай Исаковдун дүйнөлүк Гиннестин рекорддор китебине катталгандыгы тууралуу күбөлүгүн Улуттук тарых музейинде расмий тапшыруу аземи өтөт.
- 3–декабрда саат 14:00 дө Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада манасчы Салимбай Турсунбаевдин “Чоң казат” жана замандаштарынын эскермелери менен манасчынын соңку жылдарда жазган ырлары камтылган “Санаты сансыз-Салимбай” аттуу китептеринин бет ачары өтөт.
- 4-декабрь күнү саат 15:00 дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык театрында “Айкөлдүн аманаты” спектаклинин премьерасы коюлат.
Ошондой эле “Манас күнүнө” карата сүрөт көргөзмө, тегерек стол жана башка иш-чаралар республикалык, облустук жана райондук музейлерде, китепканаларда 2022- жылдын аягына чейин өткөрүлөт.
Андан тышкары “Манас күнүнө” арналган тематикалык фильмдер республиканын бардык театрларында жыл аягына чейин көрсөтүү милдеттендирилет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан