Жалпы салмагы 18 килограммдан ашык болгон баңгизатты сатууга аракет кылып жаткан жеринен 63 жаштагы К.Г. жана 54 жаштагы Н.Н. аттуу эки жаран кармалды. Алар Жалал-Абад облусунун тургундары экенин УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен сотко чейинки өндүрүштүн алкагындагы комплекстүү ыкчам тергөө иш-чараларын жүргүздү.
Кармалган жарандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ушул жылдын 27-ноябрында К.Г. жана Н.Н. Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошол эле күнү Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын аныктамасынын негизинде УКМКнын тергөө камак жайынына камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.