Шарм-эль-Шейх-Бишкек-Шарм-эль-Шейх багыты боюнча чартердик каттам ачылды. Аны Египеттин Red Sea Airlines авиакомпаниясы аткарууда. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун маалымат кызматы билдирет.
Белгиленгендей, жүргүнчүлөрдү Boeing 737-800 учактары ушул жылдын 30-октябрынан тарта тейлеп келишет.
"Айтылган убакыттан бери Шарм-Эль-Шейхке 3 чартердик каттам аткарылып, төртүнчүсү кечээ, 29-ноябрда аткарылды",- деп айтылат билдирүүдө.