Бүгүн Катарда оюн талаасына учурдагы Дүйнө чемпиону Франция чыгат (оюндардын графиги)

Бүгүн, 30-ноябрда Дүйнө чемпиондугунун D жана C тайпалык этабынын финалдык беттештери өтөт.

Оюн талаасына учурдагы Дүйнө чемпиону Франция командасы чыгат. Тунис курамасы менен беттеш Бишкек убактысы боюнча кечки саат 21:00дө башталат.

Ага катар ушул эле убакытта Австралия – Дания курамалары ойнойт.

Түнкү саат 1де футбол күйөрмандары Польша-Аргентина жана Сауд Арабия – Мексика беттештерине күбө болот.

Белгилей кетсек, Франциянын курамасы 6 упай топтоп, плей-оффко жолдомого ээ болгон.

Футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 18-декабрга чейин уланат. Оюндар 20-ноябрда башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан