Кадамжайда жолдон өткөн өзбек жарандарын тоноого шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, өзбек жарандары милицияга арыз менен сентябрь жана октябрь айларында кайрылган.
Арызында алар Кадамжай районунун аймагынан Фергана облусуна бара жаткан мезгилде, белгисиз жарандар автоунааларын Кыргызстандын аймагында токтотуп, акча, телефондорун тоногонун билдиришкен.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде бул кылмыш ишине шектүү катары Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын 54 жаштагы С.Н. жана 39 жаштагы С.З. аттуу тургундары кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.