Биз социалдык тармакта

Соцфонд пенсияны 8 пайызга жогорулатууну пландап жатат

Социалдык фонд 2023-жылы пенсиянын көлөмүн 8 пайызга жогорулатууну пландап жатат. Бул тууралуу соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев "Ата-Журт Кыргызстан" жана Мекенчил" фракциясынын кошмо жыйынында билдирди.

"Жыл сайын орточо 40 миң жаран пенсияга чыгат. 2023-жылы пенсия үчүн республикалык бюджеттен 41 миллиард, Соцфонддон 51 миллиард сом бөлүнөт.

Кийинки жылы (2023-жыл) 1-октябрдан тарта пенсияны 8 пайызга көтөрүү планыбызда бар. Ага 1 миллиард 480 миллион сом каралды", - деп билдирди Алиев.

Белгилей өтсөк, өлкөдө жалпы 735 миңден ашык пенсионер бар. Ал эми пенсиянын орточо өлчөмү 8080 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Kuban-1207
2022-12-02 14:25:00
2023 кайсы айда тагыраак жазбай сыңары
0
Zhainash
2022-12-02 14:43:00
Kuban-1207 .1-октябрдан деп туратко.
0
erkegenje
2022-12-02 16:51:00
2023 1январдан эң аз пенсия 7000 миң сом болот деп атышты элего эми башкача айтыптыр
0
saxalinskaya
2022-12-04 23:15:00
Жөлөк пулдарга деле көңүл бурулса жакшы болмок.3 балам бар,машинанар бар деп жөлөк пул берилбейт.Бардык эле балага тегиз бериле турган кылып койсо болмок пособиени.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан