Бишкектин бир катар жерлеринде митинг өткөрүүгө тыюу салуу мөөнөтү 31-декабрга чейин узартылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда Биринчи май райондук сотунан кабарлады.
Маалыматка караганда, мындай чечимди Биринчи май райондук соту чыгарып, аталган райондун акимчилигинин арызын канааттандырды.
Ага ылайык, төмөнкү жерлерде митинг өткөрүүгө тыюу салынды:
- "Ала-Тоо" аянты жана Эркиндик бульварынын Линейная (темир жол бекети тараптан башталат) көчөсүнөн тарта Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
- Жогорку Кеңештин имаратынын тегерек-чети;
- Президенттин администрациясынын тегереги;
- Жогорку Соттун имаратынын тегерек-чети;
- Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин айланасы;
- УКМКнын имаратынын тегереги.
Эске салсак, Биринчи Май райондук соту апрель айынан тарта Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусия элчилигинин жанында, "Ала-Тоо" аянтында, президенттик администрациянын жана УКМКнын имаратынын алдында митингдерди өткөрүүгө тыюу салган.
Нааразычылык акцияларын Рыскулов жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Горький аянтында өткөрүүгө уруксат берилген.