Бишкекте 9-декабрь күнү "Кыргызстан – Өзбекстан" бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Улуттук инвестиция агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.
"Форум айыл чарба, туризм жана жеңил өнөр жай тармагындагы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн ортосунда конструктивдүү диалогду куруу үчүн жаңы бизнес байланыштарды түзүү жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачуу үчүн аянтча катары кызмат кылат", - деп айтылат билдирүүдө.
Форумдун арты менен ата мекендик ишкерлерге Өзбекстандын бизнес секторунун өкүлдөрүнүн арасында өнөктөштүк мамилелерди түзүү жана ишенимдүү өнөктөштөрдүн чөйрөсүн кеңейтүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк берилет.