Биз социалдык тармакта

Баткен элин колдоо үчүн ачылган эсепке 340 миллион сомдой акча чогулду

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу жаңжалда жабыркагандарды колдоо үчүн ачылган атайын эсепке 338 миллион 330 миң сом чогулду. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-декабрга карата каражаттын 148,5 миллион сому сарпталды.

Бул эсеп элдин демилгеси менен ачылып, ага мекеме-ишканалардын кызматкерлери, чет өлкөдөгү жана Кыргызстандагы жарандар акча которгон.

Эске салсак, ушул жылдын 14-16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүүлөр. Андан тышкары 206 киши ар кандай жараат алган. 200 миңге жакын жаран коопсуз аймакка эвакуация болууга аргасыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Patriotka
2022-12-03 15:19:00
Мага да жардам бергилечи,барбаган жерим калбады,кышта барар жерим жок...Суук...Окмотко кайрылып чарчадым...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан