Бишкек ШИИББинин кызматкерлери Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин өкүлдөрү менен биргеликте борбор калаада "Рефлекс" аталышындагы түшүндүрүү иш-чарасын өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 5-декабрда шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлады.
"Иш-чаранын максаты борбордо жайгашкан 30дан ашык дарыканалардын жетекчилери жана кызматкерлери менен психотроптук заттарды камтыган дары-дармектерди дарыгердин көрсөтмөсүсүз жашы жете электерге сатууга бөгөт коюу жана ошондой эле дарыканадагы баңгичиликти алдын алуу", - деп айтылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө "Н" аттуу жаран "Ош базарынын" аймагында дарыканалардын биринен дарыгердин көрсөтмөсүсүз "Лирика" жана "Тропикамид" аттуу психотроптук заттарды 580 сомго сатып алгандыгы аныкталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан дарыкананын кызматкеринин аты-жөнү такталып 1991-жылы туулган Э.А. аттуу жаран Кылмыш-процессуалдык кодексинин алкагында чечим кабыл алуу үчүн Бишкек шаарынын Ленин РИИБинин Тергөө кызматына алынып келинген.
Аталган факты Ленин РИИБинин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынганы айтылат.