Футбол боюнча Бразилия курама командасынын легендасы Адриано жарандык нике кургандан 24 күндөн кийин жубайы Микаэло Мексито менен ажырашып кетти. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, анын ажырашуусуна Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу себеп болгон. Тагыраагы, Адриано Бразилия-Швейцария беттешин достору менен чогуу көрүү үчүн кетип, эки күндөн кийин үйүнө кайтып келген. Алар дем алыш күндөрү жакындарына майрамдык иш-чара уюштурмак жана ал өтпөй калган.
Жыйынтыгында экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып ал ажырашууга алып келген.
Адриано Бразилия улуттук курамасында 2000-2009-жылдары ойногон.