
Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.
Текшерүүдө Ош шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлери 2021-жылы Ж.С. аттуу жаран менен алдын ала сүйлөшүп алышып 29 миллион 559 миң 600 сомдук жер тилкесин көп кабаттуу турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берип жиберишкендиги аныкталган.
Бул факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан мэриянын кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) ылайык кылмыш иши козголду.
Мындан сырткары, прокуратуранын талабынын негизинде аталган жер тилкеси Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кайтарылды.