"Унаа алып келип берем". Ошто бир нече адамдын акчасын алып кеткен жаран кармалды

Ошто алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, кармалган жаран Ош шаарынын Амир-Темур кичи шаарчасынын тургуну, 1983-жылы туулган А.О. аттуу жаран. Ал мурда адам тоноо, каракчылык менен соттолуп чыккан. Ал бир нече жарандарга чет өлкөдөн унаа алып келип берем деп ири суммадагы акчаларын алып, изин жашырып кеткен. Андан сырткары үй салууга жер алып берем деп бир нече жердештерин дагы алдаган. Арыз жазгандардын жалпы саны сегиз жаран. Алардын бешөөнө унаа убадаласа, 3 жаранга жер убадалаган. Алардын ар биринен 5 миӊден 8 миӊ долларга чейин акча алган. Жарандарга келтирген чыгым 1 миллион 500 миң сомдон ашуун сумманы түзөт.
Бүгүнкү күндө шектүү башка жарандардан унааларды ижарага алып, сатып жибергендиги тууралуу дагы маалыматтар аныкталууда. Ал 5-декабрда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан