Кечээ, 6-декабрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайда эркектер жана кыз-келиндер арасында бокс боюнча өлкө чемпионаты башталды.
Чемпионатка республиканын бардык аймактарынан келген 100дөн ашуун спортчу катышып, жалпы 23 комплект медаль ойнотулат.
Белгиленгендей, чемпионаттын жыйынтыгы менен курама команда түптөлүп, кийинки жылы өтө турган Дүйнө чемпионатында жана эл аралык мелдештерде жеңүүчүлөр өлкө намысын коргойт.
Белгилей кетсек, чемпионат 10-декабрда жыйынтыкталат.