Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун түзүлгөнүнө 10 жыл толду. Анын урматына Бишкекте форум болуп, анда улуттук борбордун өкүлдөрү өздөрүнүн иштери тууралуу айтып, музыкант Викрам Рузахуновду ак ниет элчиси катары тааныштырышты.
Кубокту жаңы элчиге мурунку элчи, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева тапшырды.
"Чыгармачылыгым, өнөрүм аркылуу адам укуктарынын үстөмдүгү тууралуу сөз кылам. Улуттук борбордун жамааты январь окуясында мага биринчилерден болуп жардам берип, колдоо көрсөтүштү жана алардын эмгегин абдан баалайм. Эми мен Улуттук борборго жардам берем", - деди өз сөзүндө Рузахунов.