Биз социалдык тармакта

“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги жоюлат

"Улуу көчмөндөрдүн мурасы" улуттук холдинги жоюлат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев билдирди.

"Холдинг жоюлат. Акча жумшалды, долбоорлор жазылды, адаттагыдай эле эч ким жоопко тартылбайт", - деп билдирди ал.

Эске салсак, “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги 2021-жылдын аягында түзүлгөн. Ал кезде холдингдин жетекчиси болуп Теңиз Бөлтүрүк дайындалган. Кийинчерээк холдинг тоо-кен өнөр жайы, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка тармактарда 30дан ашык ири долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатканы маалымдалган.

Холдингге бөлүнгөн 3 миллиард 400 миллион сом бюджетке кайтарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан