Эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Айсулуу Тыныбекова 10-11-декабрь күндөрү АКШда өтө турган Дүйнө кубогуна катышат.
Мелдеште Эрназар Акматалиев 70 килограмм, ал эми Арсалан Будажапов 79 килограмм салмак категориясында килемге чыгат жана биринчи беттешин Ирандын курама командасына каршы өткөрөт. Экинчи айлампада Япониянын балбандары менен күч сынашат.
Ал эми Айсулуу Тыныбекова В тайпасында күрөшөт. Бул тайпада ошондой эле АКШ жана Кытайдын балбандары бар. А тайпага Япония, Монголия жана Украинанын балбандары кирди.
Белгилей кетсек, мелдешке эркин күрөшү боюнча Кыргызстан, АКШ, Иран, Япония, Монголия жана Грузия, кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргызстан, Япония, АКШ, Кытай, Монголия жана Украинанын курама командалары катышат.