Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.
Соттон билдиришкендей, Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 2023-жылдын 23-февралына чейин узартылды. Мындай чечим бүгүн, 9-декабрда кабыл алынган.
Эске салсак, 2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. Эртеси, 23-октябрда алар массалык түрдө камакка алынышкан.