Биз социалдык тармакта

Чет өлкөлүк жаранды карактап, изин жашырып жүргөн жаран кармалды

Чет өлкөлүк жаранды карактоого шектелип издөөдө жүргөн 35 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын февраль айында Кызыл-Кыя шаарында Өзбекстандын 21 жаштагы тургунун 2-3 жаранды коркутуп, кол телефонун жана акчасын тартып алып, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Бул факты ошол эле күнү каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кызыл-Кыя шаарынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан ушул жылдын 6-декабрь күнү издөөдө жүргөн шектүү кармалды. Учурда убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан