Бүгүн, 10-декабрда Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалдык оюндары уланат.
Анда Африкадан келген Морокко курамасы Португалия менен кез келет. Экинчи беттеште бири-бирине бардык жагынан төп келген Англия менен Франция курамалары кез келет.
Буга чейин Англия Дүйнө чемпиондугунда Килиан Мбаппени токтотуу үчүн эки жыл ойлонгону айтылган.
Морокко - Португалия;
"Эль-Тумама" стадиону (Доха шаары);
Башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 21:00.
Франция - Англия;
"Эль-Байт" стадиону (Эль-Хаур шаары).
Бул оюн Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө башталат.