"Катар-2022": Аргентина-Нидерланды беттешинде дарбазачы Мессинин артынан эле атаандаштарын кемсинтти

Аргентина курама командасынын дарбазачысы Эмилиано Мартинес Дүйнө чемпиондугунун чейрек финалында пенальтилер сериясы аяктагандан кийин Нидерланды курама командасынын оюнчуларына кемсинткен сөздөр менен сүйлөдү. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

"Оозуңду жап, сага көрсөтүп коём", - деп жаман сөздөр менен сөгүнгөн Мартинес.

Ушул эле оюнда атактуу футболчу Лионель Месси Нидерланды курамасынын чабуулчусу Воут Вегорстко карата орой сүйлөгөн.

Аргентина жарым финалда Хорватия курамасы менен беттешет. Бул оюн 14-декабрь күнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:00дө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Alixan-Nookat.2015
2022-12-10 17:56:00
Хорватия айрыса экен силерди
-1
make2
2022-12-10 19:22:00
Голландиянын тренерлери оюндан мурда: биз Мессини токтотобуз, бизде Мессиден мыкты оюнчулар бар деген, Мессинин жинине тийген,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан