Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду команданын Катардагы Дүйнө чемпиондугунан кетиши тууралуу биринчи жолу билдирүү жасады.
Португалиялыктар Марокко курамасына 1:0 эсебинде утулуп калган. Беттештен кийин Роналду көзүнө жаш алып, талааны таштап кеткен. Кечээ, 11-декабрда Роналду социалдык тармактагы баракчасына бул жеңилүү Португалиянын курамында дүйнө чемпиону болуу кыялына чекит койгонун жазды.
"Португалия курама командасы менен Дүйнө чемпиондугун жеңүү менин карьерамдагы эң чоң жана эң дымактуу кыялым болчу. Мен көптөгөн наамдарды жеңдим, анын ичинде Португалия курама командасы менен дагы. Бирок аны эң жогорку деңгээлге чыгаруу менин эң чоң кыялым болчу. Мен бул үчүн күрөшкөм. 16 жыл ичинде беш дүйнөлүк чемпионатта мен миллиондогон португалиялыктардын колдоосу астында мыкты футболчулар менен ойнодум. Мен бардык күчүмдү жумшадым. Мен кыялымдан эч качан баш тарткан эмесмин", - деди Роналду билдирүүсүндө.
"Тилекке каршы, кечээ мен кыялымдан айрылдым. Мен шашылыш жооп бергим келбейт. Көп сөздөр айтылып, жазылды. Бирок Португалияга болгон берилгендигим бир мүнөткө да үзгүлтүккө учурабаганын бардыгы билишет. Эми азыр айта турган эч нерсем жок, Португалия рахмат, Катарга рахмат, кыялым эң сонун болду, бирок ал узакка созулган жок. Эми жакшы кеңешчи болууга жана ар кимге өз алдынча жыйынтык чыгарууга убакыт келди”, - деп кошумчалады ал.