Эркин күрөш боюнча курама команданын мүчөлөрү Эрназар Акматалиев, Арсалан Будажапов жана Тайырбек Жумашбек уулу АКШда өткөн Дүйнө кубогунда коло байгеге ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 12-декабрда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 10-11-декабрь күндөрү Коралвилл шаарында өткөн.
"Спортчулар дүйнөнүн алдыңкы спортчуларынан турган курама команда менен чыгышты. Алгач курама команда Япониянын балбандарын 9:1 эсебинде жеңди. Экинчи айлампада ирандык балбандар менен күч сынашып, 4:6 эсебинде жеңилишти. Ал эми коло байге үчүн күрөштө Грузиянын курама командасы менен беттеш өткөрүп, 8:2 эсеби менен жеңүүчү болушту", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмакта, Арсалан Будажапов 97 килограмм жана Тайырбек Жумашбек уулу 65 килограмм салмак категорияда күрөштү.