Биз социалдык тармакта

Өлкөдө соңку аптада 10 адам коронавирус илдетин жуктуруп алды

Өлкөдө соңку аптада (5-декабрдан 11-декабрга чейин) COVID-19дун 10 жаңы учуру аныкталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 2 бейтап - ооруканага жаткырылган, 8и амбулатордук дарыланууда.

5-декабрдан 11-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылдын 11 ай 11 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 806 учуру катталды, анын ичинен 19 796 (90,8 пайыз) учур лабораториялык тастыкталган жана 2010у (9,2 пайыз) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан