Бүгүн,12-декабрда чыгаан жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана Улуттук адабият күнү белгиленүүдө. Ага карата жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ала-Тоо" аянтындагы эстелигине гүл коюлду.
Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өкүлдөрү, билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов катышты.
Мындан сырткары Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө Манасбек Мусаевдин “Айтматовдун дүйнөсү сүрөттөрдө” аттуу сүрөт көргөзмөсү уюштурулду.
Ошондой эле бүгүн кечинде Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук акдемиялык драма театрында Улуттук жазуучулар союзу тарабынан уюштурулган адабий кече өтүп, сыйлык ээлерине "Алтын калем" сыйлыгы тапшырылат.
Андан соң Чыңгыз Айтматовдун "Кылым карытар бир күн" романынын негизинде даярдалган спектакли көрүүчүлөргө тартууланат.