"Бетине уксуз чачып...". Кочкор-Атада ишкерден алтын карактаган шектүү кармалды

Кочкор-Атада алтын буюмдарын карактоо үчүн ишкердин бетине уксуз чачкан аял кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Кабарлангандай, 10-декабрда саат 23:10 чамасында Ноокен районунда алтын буюмдарды саткан ишкердин бетине белгисиз адам уксус чачып кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучу ооруканага жаткырылган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Текшерүү учурунда ошол эле күнү ишкер Кочкор-Атада борбордук базарда жайгашкан күрөөканасына бейтааныш, жашы 30-35тердеги бет кап кийген аял киши кирип келип, бетине уксус кислотасын чачканы белгилүү болгон. Ошол эле учурда анын жанындагы алтын сөйкө, шакек, билерик жана башкалар салынган сумкасын алып, из жашырып кеткен. Товардын жалпы баасы 2 миллион сомду түзгөн.

Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, "Каракчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тийиштүү кызматкерлерге тергөө тапшырмалары берилип, жабырлануучу А.Машаеванын денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Ал эми ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү Ноокен районунун 20 жаштагы тургуну А.А. экендиги аныкталып, ал тергөөгө алып келинген.

Ошондой эле А.А. бул кылмышты жасагандыгы боюнча күнөөсүн толугу менен моюнуна алып, ал боз түстөгү сумкасын анын ичиндеги далил-буюмдарды үйүнөн алып чыгып тапшырып берген.

Шектүүнүн колунда наристеси бар экендиги эске алынып, үй камагында калтырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан