Сууда сүзүү боюнча өлкө курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов Австралияда өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалымдалгандай, иш-чара 13-18-декабрь күндөрү Мельбурн шаарында өтөт.
"Петрашов 50, 100, 200 метр аралыктарга брасс ыкмасы менен сүзөт", - деп айтылат маалыматта.
Спортчу башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги астында мелдешке катышат.
Белгилей кетсек, мелдешке 173 өлкөдөн 850 спортчу катышат. Ал эми жалпы байге фонду 2 миллион долларды түзөт.