“Жеке турак үйдөн 10 миң доллар уурдалган”. Бишкекте кылмышка шектүү кармалды

Бишкекте жеке турак үйдөн 9 миң 800 доллар уурдалган. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Ушул жылдын 5-декабрь күнү Б.Д. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылган. Арызында ал ошол эле күнү белгисиз адамдар анын үйүнүн пластик терезесинен кирип, акча уурдап кетишкенин айткан.

Аталган факты каттоого алынып, анын жыйынтыгында кылмышка шектүү мурда бир нече жолу соттолгон 1988-жылы туулган К.С. экени аныкталган.

Шектүү 21-декабрга чейин камакка алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан