Оор атлетика боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын мүчөсү Бекдөөлөт Расулбеков Колумбиянын Богота шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло байге утту.
Кыргыз спортчусу Дүйнө чемпиондугуна 102 килограмм салмак ченинде катышты. Ал жулкуп көтөрүүдө 171 килограмм, түртүп көтөрүүдө 217 килограммды ийгиликтүү көтөрдү.
Жыйынтыгында кыргыз спортчусунун көтөргөн жалпы салмагы 388 килограмм болду.
Жогорудагы жыйынтык менен Бекдөөлөт Расулбеков Колумбиядан коло медаль утту.